Кол булгап коюп алыстан
Коңшулар чала таанышкан
Жапылдап сүйлөп, чер жазбай
Жалгыздап өмүр карыткан
Короолор ачык, дубал жок
Коопсуз жашап калышкан
Көңүлдүн бирок дубалын
Көргөзбөй куруп алышкан
Жери кооз, кенен албетте
Жеринен көргүн ал жетсе
Шайтандарды да тааныйсың
Шаарда жүрсөң ар кечте
Жемек тургай кармай элек
Жемиштин түрү маркетте
Ар кандай оокат табылат
Арзаны костко, таргетте
Каалабасаң да кечир деп
Калаада буйрук, чечим көп
Өскөн чөптөрдү үйдөгү
Өлчөшөт сантиметрлеп
Убакыт берет эскертип
Узунун кыркып кетир деп
Унутсаң коңшуң даттанат
Унчукпай калбай безилдеп
Божомол кылбай түз сүйлөп
Полистен укук күчтүрөөк
Жөн жерден эле токтотпойт
Жөнүңдү сурап түрткүлөп
Айып пул салса жылмайып
Айдагын досум бүттү дейт
Жүрөгүңдү чочутуп
Жүгүрүп чыкпайт бизчилеп
Кылдырам десең иш кымбат
Жулдурам десең тиш кымбат
Дарыядай агылып
Дарылоо дагы бүт кымбат
Жазыгын таба албайсың
Жазылган мыйзам жүз жылдап
Кызылдай акча бул жагы
Кыргызча айтсам кыпкымбат
Чараң жок болуп эч жайдан
Чакырып алсаң тез жардам
Өрт өчүргүч, полиси
Ээрчишип алып тез барган
Укканда айткан акчасын
Ушундай дейсиң эх жалган
Ооруй элек жатып айык деп
Ошондон улам сөз калган
Банктардан банкты тандайсың
Банкрот болбос байдайсың
Кредит тарых деген бар
Кирдетпес үчүн чамдайсың
Сабагын алып тагдырдын
Сабырдын жибин кармайсың
Унчукпай камсыздандырып
Унаасыз жашай албайсың
Доордун көрүп жарыгын
Доллардын кармап калыңын
Какталып бышып жетилип
Тапсаң да бизнес тамырын
Жылдырып коёт алдыңа
Жыл бүткөн кезде салыгын
Шыпылдап тапкан акчаңдын
Шыпырып алат жарымын
Адамдан ырыскы кенч экен
Адалын кудай берсе экен
Америкада тынбаган
Амазон базар көрк экен
Үйүңө чейин жеткирип
Убадасына бепбекем
Жалкоо мендей кыргызга
Жарашып калган нерсе экен
Ойлорго кимдер түшпөгөн
Ойлорго батам бүтпөгөн
Эстесем жаштык куракты
Эс ала түшөт бүт денем
Жанымдай көрүп кыздарды
Жандачу элек биз деген
Селкилер турса буларың
Сейилдеп басат ит менен
Американын жашоосун
Азыраак айтып берейин
Булар күүгүмдө эле жатышат
Күн менен кошо батышат
Таң атпай туруп алышып
Тарамыш дене жазышат
Кымыңдап жыргап кофесин
Кымыздай эле татышат
Иттей сонун абада
Ит менен жолдо басышат
Примерно каждый десятый взрослый ж��тель США является долларовым миллионером, согласно Глобальному отчёту о благосостоянии UBS за 2025год. По оценкам за 2024 год, в США насчитывалось около 23 миллионов долларовых миллионеров,а в отчёте их доля оценивалась примерно как 1 из 10и.