5-октябрь Мугалимдер күнү! Бардык кесиптештеримди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! Мен да мугалиммин, ата- энем да мугалим. Бул улуу кесиптин кадырын үй - бүлөмдөн үйрөнүп, бүгүн өзүм да сыймыктануу менен аркалап келем. Майрамыңыздар менен.📚
Бүгүн 4- октябрь, 2026- жыл, Стамбул шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Уюштурууга салым кошкон Стамбул шаарындагы башкы консулу Чыңгыз Токтобековичке чоң рахмат. Кыргызстаныбыз өнүгүп - өсө берсин!🇰🇬🇰🇬🇰🇬