Философ Фихтенин сөздөрү азыркы учурда өтө актуалдуу:
1807-жылы Берлинди Наполеондун армиясы басып алган кезде, немис философу Иоганн Готлиб Фихте өзүнүн «Немис улутуна кайрылуу» аттуу атактуу эмгеги менен элге үн каткан. Бул эмгегинде ал тил менен улуттук аң-сезимдин ортосундагы терең байланышты негиздеп, ошол кездеги Наполеонго суктанып, француз тилин «өнүгүүнүн тили» деп эсептеген элитага чакырык таштаган. Фихте мындай адамдарды түздөн-түз «рухтун саткындары» деп атаган
Фихте өз эмгектеринде тилди - элди өтмүшү менен байланыштырган жана калкты бириктирген күч деп ырастайт. Тили бир элдер мамлекет, мыйзамдар пайда болгонго чейин эле табият тарабынан бириктирилген. Эне тилибизде сүйлөгөндө, биз кылымдар бою калыптанган түшүнүктөрдү колдонобуз жана сөздөр аркылуу ата-бабаларыбыз менен кайыптан баарлашабыз. Жалпы тил жалпы дүйнө таанымын жаратат: адамдар бири-бирин грамматиканы билгени үчүн эмес, сөздөрдүн артында жалпы элестер, сезимдер жана баалуулуктар турганы үчүн бир ооз сөздөн түшүнүшөт
Фихте эл өзүнүн төл тилин сактап калса, анын тарыхы тирүү күч бойдон каларына бекем ишенген. Ал эгер эл бөтөн тилге өтсө, өтмүшү менен болгон байланышы үзүлүп, улут «өлөт» жана бөлөк маданияттын көчүрмөсүнө гана айланып калат деп эскерткен. Философ мамлекеттин чек арасы анын тили аяктаган жерден өтөрүн ырастаган. Эгер эл башка мамлекеттин ийгиликтери менен сыймыктанып, анын тилин «цивилизация тили» катары артык көрсө, Фихтенин пикири боюнча, мындай адамдар аң-сезими жагынан алда качан ошол мамлекетте жашап жаткан болуп эсептелет
Өз тилинде сүйлөбөй калган адамдар бирдиктүү эл болуудан калып, тамырынан жана келечегинен ажыраган «калкка» гана айланат. Фихте мындай деп эскерткен: эгер улуттун элитасы баскынчынын тилинде сүйлөп, анын тилинде ойлонсо же андан акча алса, ал улуттун күнү бүткөн. Ал бөтөн тилди жана баалуулуктарды өздөштүргөн улут «өлүккө» айланат деп эсептеген, анткени ал өз алдынча чыгармачылык дараметин жоготот. Эгер силер билимди бөтөн тил аркылуу гана алсаңар, силер ар дайым ошол элдин көлөкөсү гана болосуңар, түбөлүк кууп жетүүчү жана көз каранды абалда кала бересиңер. Анын пикири боюнча, чыныгы өнүгүү улут дүйнөлүк жетишкендиктерди өз тилине которуп, аларды өзүнүн кайталанбас кодуна ылайыкташтырганда гана мүмкүн болот
Фихтенин пикири боюнча, улуттук өзгөчөлүктүн атүгүл маданий баскынчынын пайдасы үчүн жуулуп кетишине шарт түзгөн адам душмандын жоокерине караганда алда канча коркунучтуу. Душмандын жоокери бул сырткы коркунуч, ал ачык көрүнүп турат жана коомду бириктирет. Ал эми бөтөн империянын ички жактоочусу бул дененин ичиндеги илдет. Ал каршылык көрсөтүүнү мүмкүн кылбай коёт, анткени мекенге коркунуч келген учурунда ал өз үйүн коргобой, тескерисинче, өзү суктанган өлкөдөн «бошотуучуларды» күтө баштайт
Фихте инсан катары адамдын өмүрү чектелүү, бирок өз улуту жана тили аркылуу ал «жердеги өлбөстүккө» ээ болот деп эсептеген. Улут тирүү турганда, анын иштери менен ойлору кийинки муундарда жашай берет. Ошондуктан тилге болгон кыянаттык Фихте үчүн жөн гана саясий ката эмес, бул өз элинин түбөлүктүүлүгүн жок кылуу менен барабар
Фихтенин айтымында, бекем маданий өзөгү: тили, тарыхы жана баатырлары жок улут сөзсүз түрдө коңшу империялардын «отунуна» айланат. Ал билим берүү аркылуу маданий басым жасоону - улуттук аң-сезимди ууландыруунун эң куу жолу деп билген: «Эгер силердин аң-сезимиңер бөтөн тил жана билим менен сугарылса, анда силерди жеңиштин деле кереги жок, силер өзүңөр эле кулга айланасыңар».
Мындай коркунучтарга каршы бирден-бир коргонуу бул Фихте «улуттук тарбия» деп атаган күчтүү ички идея. Бул тарбия адамдын аң-сезимин ушунчалык бекемдеши керек, натыйжада бөтөн мамлекеттин таасир агенти болуу коомдук уятка жана рухий саткындыкка айланып, адам өз элин сатууну табигый түрдө кабыл ала албай калат
Фихте айткан: «Башка элдер силердин ким экениңерди силер өзүңөрдү кандай баалаганыңарга карап чечишет. Өзүн коргой албаган жана өзүн баалабаган элди эч ким сыйлабайт». Анын пикири боюнча, эгер улут өз кадыр-баркын жоготсо, ал башкалар үчүн өз алдынча эл эмес, болгону империялардын кызыкчылыгы үчүн жумшала турган «курал» же «отун» гана болуп калат
Фихте тил жана эрк тирүү турганда, элдин рухун жок кылуу мүмкүн эмес экенине ишенген