@franklin_ita Дал ушул сизге окшогондордун айынан көпчүлүк кыргыз тилин жакшы үйрөнө албай жүрөт эмдигиче. Аракет кылып жаткандарды колдогондун ордуна кордоп, кемсинтип ийесиңер тимеле. Обу жок сындап, шагын сындыргандын ордуна бир аз кубаттап, туура мамиле кылганды үйрөнсөңөр боло
@UlanMuhamed @my_kokoro@amanaliev Түз эфир болатса, анын үстүнө КТРКдан көрсөтүп жатса, плюс Саке кетатып "баарын угуп, жооп берип туруп кетесиңер" деватса, анан эмне кылсын байкуш?! Атасынын айтканынан кантип чыкмак беле?! Жамандан ары болоюн деп элдин көзүнчө чайга чакырып койду да))
@2zaybIKpIfLO6oo Репутацияны сактап калуу үчүн эмес, туура эмес иш кылганыңызды чын эле аңдап, түшүнгөнүңүз үчүн кечирим сурап жатасыз деп үмүт кылам. Үй-бүлөдөгү зомбулук бул тамаша эмес, аны тамаша кылып көрсөтпөгүлө!!! Кудай турат, азыр орозо болбосо катуу сөкмөкмүн ушу жерден)
@sam_des “Жолоочу” деген көбүнчө “путник”, “странник” боп кетет го... Долбооруңузга “бейтааныш” (незнакомый, stranger) деген сөз сонун ��арашмак. Ушуну ойлонуп көргүлөчү 🙂
@Dina22684509 @AlikeUncle @umut2020kg Койгулачы ай) КТР, ЭлТРди региондордун баары көрөт, ошол себептен КТРде эмне деп айткандары маанилүү болуп жатпайбы
Бул дүйнөнүн байлыгын жалгыз ээлеп алчу бар,
Мансап үчүн эл-журтун курмандыкка чалчу бар.
Адамзаттын ушулар убалына калчулар,
Арабызда болбосунчу адамдыкты танчулар,
Акыр заман салчулар.
Н. Абдрахманов. “Бул дүйнө”
#raimgate#reакция
Бүтүн Кыргызстанды эми сезип жатам. Эртеңки тынчтык акциясына сүрөтчүлөр, программисттер, ырчылар, актёрлор, жазуучулар жана башка толгон-токой ар тараптуу кишилер аттанып жатышат🇰🇬🇰🇬🇰🇬
Алгалай бер, кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырың колуңда.