Тез-тез эле кол койдурушкан, окутушкан эмес.
Кыргызстандыктарга, дос-тааныштарга айтарым, урматтуу кыргызстандыктар, бул жакка согушка келбегиле. Кандай акча сунуштабасын, келбегиле. Орусияга жумушка дагы келбегиле. Башка өлкөлөргө кеткиле, Орусияга келбегиле.
Акырында ал украин аскерлерине туткунга түшүп берген. Эскертүү: Материалда сөгүнгөн сөздөр бар.
Алтынбек Кыргызстандын Ош облусунда туулган. 2017-жылдан бери Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн.
Миллион — сенин тагдырыңды чечпейт. Сенин тадырың — ден соолук.
Өзүмдүн президентиме, Садыр Жапаровго кайрылгым келет. Садыр Жапаров, мен интернет аркылуу курулуш тармагында жумуш таптым деп келгем. Мени алдап кетишти, алдап келишимге кол койдуруп алышты.