Твиттерде убагында активдүү болгон, өз оюн ачык жазып, кээ биринин жарасын чукуган, ар бир экинчи адам менен айтыша кеткен, кээде сөгүнүп бугун чыгарган, феминисттик көз караштагы кыздар турмушка чыккандан кийин эле мойтойгон кыздарга айланып калышат)
Байкеме туулган күнүнө карата белек бердим. Ал көп нерсени жактыра бербегендиктен кечке издеп, тандап жүрүп алдым. Аны эч ким деле билген эмесмин. Эртеси эжем мага белек берди. Жөн эле, себепсиз. «Берсең, аласың» деген философия дароо иштеп кетти окшойт)
Бирөөнүн жашоосу элдин же көпчүлүктүн башындагы сценарийге окшошпой калса эле жемелеп баштамай адатыбыздан качан арылабыз? Жөн гана кабыл алып, башканын тандоосу ушундай экенин эске алып койсо болбойбу?
Кыргызстандын эле аба ырайына эмне жетсин. Анын баркын чет жака чыкканда билет турбайсыңбы. Өзгөчө жаздагы абанын тазалыгы. Азыр тереземди ачып коюп, себелеп аткан жамгырдын үнүн угуп, салкын желди сезип, ырахаттанып жатам
Кыргызстанда QR-код мн төлөп жүрүп көнүп калган экенмин, башка өлкөгө келгенде карталарымдын баардыгын башка капчыкта калганын билдим. Эми эмне кылыш керек?
Рейске жетишпей калып, аз жерден билетим күйүп кете жаздады. Каттоону жаап коюшкан экен, аны өтүү үчүн кимге гана чалбадым, кудум кинодогудай эле болду)