4. өт. Кандайдыр бир сезимдин, жөндөмдүүлүктүн ж. б. сезиле түшкөн элеси.
Гүлайдын көзүнөн сүйүүнүн аябай чатырап жанган отунун учкундары көрүнгөнсүдү (Абдукаримов).
Учкун
1. Күйүүдөн же абдан ысып кызуудан пайда болгон кыпын, оттун чачыраган майда кыпындары.
Анда-санда алоолоп жанган куурайдын учкундары түндүктөн көрүнөт (Жантөшев)
Кызыл учкун чарыктан шыр-шыр этип чачырады (Сасыкбаев).
Кургуй
1. Кургак кудук.
2. Терең.
Эми бөкөндөр казактын эрме чөлүнө кургуйлап түшүп кеткенден бери, кабыргасы каржайып, улуп-уңшуп отуруп калган (Айтматов).
Өөн
I зат. 1. Кийизден, териден, кездемеден, темирден ж.б. кесилип ташталган майда-чуйда кесиндилер.
Өөн бириксе тон болбойт, ынтымак болбой эл болбойт (макал).
Кемеге
Казан асууга, от жагууга ылайыкталып, жерди оюп же жээгин кырдап жасалган очок.
От жагылган кемегеде чоң казан эт кайнап жатат («Ала-Тоо»).
Ушул кемегеге чай кайнатып ичип алалы (Жантөшев).
Кемегесинде он эки карыш казан («Ала-Тоо»).
Кемер
Сырткы бети алтын, күмүш, асыл таштар менен кооздолгон жазы кайыш кур.
Аркага найза матырды, Кемердин четин жапырды («Манас» С. О.).
Камалбек кемерин кармап чалкалай калды (Жантөшев).
Алтын кемер курчанган, Айдай беттен нур тамган («Семетей»).
Кемел
1. Толук бүткөндүк, кемчиликсиздик.
2. Жетилген курак.
Мурадын таап албаса, Кемел да болсо уул карып («Эл адабияты»).
3. Чоң, бийик, зорлуктун жогорку өлчөм-ченеми.
Акыл жетпес кемелиң («Манас» С. О.).
Жүгөн
Жылкынын башына катылуучу ооздук, тизгин, чылбыр, сагалдырык ж. б. бириккен кайыштан жасалган ат турманынын бири.
Чалкуйруктай тулпардын, Жүгөнүн алып турду эми («Эр Төштүк»).
Дабан
Ашуу, бел.
Дабандан ашып өтө албай, Канаттуу куш талыган (Барпы).
Ач кайкаңдуу муз дабан. («Манас» С. О.).
Ашуу бийик дабанбы, Акылман аке аманбы? («Эл адабияты»).
Куюндуу шамал айланат, Кырбуулу дабан белести («Эл адабияты»).